06
Ноябрь
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөр киргизилди
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Тактап айтканда, жогорудагы өзгөртүүлөргө ылайык, социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын төрагасы болуп саналат.
Буйрукка ылайык, ыкчам штабдын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет.
2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.