22
Сентябрь
Банктар жана камсыздоо уюмдарды Тизимге киргизүү тартиби жана шарттары боюнча Нускамага өзгөртүүлөр киргизилди
Бажы төлөмдөрүн камсыздоо, ошондой эле камсыздоо ишмердүүлүгүнүн нормативдик-укуктук базасын жакшыртуу максатында Банктардын жана камсыздоо уюмдардын тизимине киргизүү боюнча тартип жана шарттары боюнча нускамага өзгөртүүлөр киргизилди.
“Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы №123- токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”№123- токтому аркылуу бекитилген Банктар жана камсыздоо уюмдарды Тизимге киргизүү тартиби жана шарттары, аны жүргүзүү тартиби боюнча Нускамага ылайык, камсыздоо уюмун Тизимге киргизүү шарттарынын бири катары камсыздоо уюму иретинде беш жылдан жогору эмес ишмердүүлүк жүргүзүү талап кылынган.
Аталган нормативдик-укуктук актынын кабыл алынышы менен мындан ары карай, беш жылдын ордуна бир жыл жетиштүү эсептелет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү