31

Январь

2020

Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу максатында бир катар кызмат адамдарына карата тартиптик чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу максатында бир катар кызмат адамдарына карата тартиптик чара көрүлдү. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин
 2-бөлүгүнүн 25-26-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 чечиминин 14-пунктуна ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн: 

- төмөнкүлөргө катуу сөгүш берилсин:

Осмонбетов Эмиль Кубатовичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Ирсалиев Медер Эсенгуловичке

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Джаманбаев Мырза Кермалиевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

- төмөнкүлөргө сөгүш берилсин:

Чолпонбаев Космосбек Сариевичке 

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Аманкулов Мирслав Акаловичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;




Джусупбекова Надира Сынташевнага

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;


- төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:




Кылжыев Самат Аскербековичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;

Джаманкулов Марат Тургунбаевичке 

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Жаманкулов Азамат Капаровичке 

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Абдалиев Кабыл Кушбаковичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Абдиев Бактыбек Абышевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; 

Айдаров Каныбек Абдрайовичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;

Аманкулов Канат Маратовичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; 

Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;

Кожошев Арзыбек Орозбековичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Мамбетов Алмаз Ишенбековичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Мусаходжаев Акылбек Абдылдаевичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы;

Нурбашев Таалайбек Инашевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; 

Сабиров Шухрат Маматалиевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору;

Салиев Бахтияр
 Усмановичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Таиров Бакир Дуулатовичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Таштаналиев Кокумбек Жумагуловичке 

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору;

Турганбаев Мелис Токтомамбетовичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Тыналиева Бакыт Карыбековнага

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;

Чапаев Жаныбек Жумабековичке

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору.


Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү