18
Декабрь
2020
Бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп берилет

Бардык кепилденген социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсиялар өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Пенсияларды төлөө боюнча кармоолор болбойт.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө керектөөлөр 4156, 0 млрд сом суммасын түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланган жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсиялар толук көлөмдө каржыланат.
2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат.