18

Сентябрь

2014

Дүйнөлүк Банк КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар темпин жогору баалайт

Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Сарож Кумар Джа менен жолугушту, өз кезегинде ал Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине жаңы дайындалган Жан – Мишель Хаппини тааныштырды. Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Дүйнөлүк Банк кызматташуу боюнча маанилүү шериктердин бири болуп саналат, анын алкагында Кыргызстан экономикасынын келечектүү тармактарын колдоого багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын билдирген премьер ДБ өкүлүнө Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы өзгөчө көңүлдү Дүйнөлүк Банктын колдоосу аркылуу иштелип чыккан эки биргелешкен документке – Мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо боюнча жол картасы жана Жеке секторду өнүктүрүү стратегиясына бөлдү, анын айтымында, аталган документтер КР Өкмөтү жана өнүктүрүү боюнча эл аралык шериктер аралык кызматташуусу үчүн негиз болуп калышы керек. «Учурда негизги көңүл алдыга коюлган иш-чараларды тез жана натыйжалуу ишке ашырууга бурулушу тийиш», - деп белгиледи Премьер-министр. Мындан тышкары, Премьер-министр ДБ күз-кыш мезгилин өтүү үчүн финансылык колдоо берүү боюнча маселени ыкчам карагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү күндө суунун тартыштыгына байланыштуу энергетикада татаал абал түзүлдү. Бирок биз үчүн бул нерсе энергетика жаатындагы реформаларды тез жана кескин түрдө жүргүзүү үчүн мүмкүндүк болуп эсептелет», - деп белгиледи Ж. Оторбаев. Өз кезегинде Сарож Кумар Джа белгилегендей, ДБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк аралык түзүлгөн кызматташуу деңгээлин жогору баалайт. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын аймактык директору Кыргызстандын өнүгүү үчүн өз багыттарын так аныктаган документтерди иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасына оңдуу баа берди. “КР Өкмөтү тарабынан мамлекеттик башкаруу жана экономика жаатындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын темпи жана чабыты ар-кыл уюмдар тарабынан кызыгууну туудурууда. Дүйнөлүк банк Эл аралык финансы корпорациясы жана Инвестициялык кепилдиктер боюнча көп тараптуу агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын экономикасына жеке инвестицияларды тартуу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр», – деп билдирди Сарож Кумар Джа. [su_carousel source="media: 41973,41974,41975" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү