18

Апрель

2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оппозициянын лидерлеринин Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан жолугушууга катышууга макулдук бергендигине ыраазычылык билдирет. Жолугушуу бүгүн, 18-апрелде, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында саат 17.00дө өткөрүлөт. Өкмөт жолугушуу конструктивдүү нукта өтүп, анын жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланып, эки тараптын өлкөнү мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара алакасынын механизмдери иштелип чыгат деп үмүттөнөт. Өкмөт оппозиция менен коомдогу биримдикти жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер боюнча биргелешип аракеттенүү үчүн туруктуу диалог аянтчасын түзүү абдан маанилүү деп эсептейт. Жолугушуу ачык форматта каалаган телерадиокомпаниялардын катышуусу менен өткөрүлүп, башынан аягына чейин видеотасмага тартылат. “Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жолугушууну жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде өткөрүү туурасындагы сунушуна байланыштуу Өкмөт - бул жолугушуунун демилгечиси катары - конструктивдүү диалог демилгесин саясий шоуга айландыруунун кажети жок деп эсептейт.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү