13
Ноябрь
Өкмөт геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштерине лицензия берүүгө мораторий киргизди
Жер казынасын геологиялык изилдөө жана чалгындоо, алтын, күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Бул буйрук учурдагы лицензиялардын мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда мындан ары лицензия берилбей турганын белгилеп, буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин кошумчалаган.