28
Январь
Бул тууралуу тиешелүү Өкмөттүн токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Мындай чечим алкоголдук продукция базарынын бардык субъекттерине бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, базарды мыйзамдаштыруунун эсебинен мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсүн көбөйтүү, сапатсыз алкоголдук продукцияны керектөөнү азайтуу максатында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка эң төмөнкү баа дүң даяр продукциянын 0,5 литри үчүн 60,0 сом өлчөмүндө, чекене даяр продукциянын 0,5 литри үчүн 70,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Аракка болгон эң төмөнкү баалар аракты сатуу үчүн, анын ичинде жарнамалык акцияларды, маркетинг жана башка иш-чараларды жүргүзүүдө, сыйлыктарды төлөп берүүдө акыркы эң төмөнкү баалар болуп эсептелет.
Башка сыйымдуулуктагы керектөөчү идишке куюлган аракты дүң жана чекене сатууда тиешелүү түрдө эң төмөнкү дүң жана чекене баалар даяр продукциянын 0,5 литри үчүн белгиленген эң төмөнкү баага пропорциялуу эсептелет.Аракка белгиленген эң төмөнкү дүң жана чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлөт.
Алкоголдук продукцияны өндүргөн ишканаларга фирмалык соода түйүндөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы арак базарындагы абалга мониторинг жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге аракка болгон эң төмөнкү баанын деңгээлин кайра кароо боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
Токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү