21

Декабрь

2012

Кыргыз Республикасынын түндүгүнө газ берүүнүн токтолушуна байланыштуу Бишкек шаарында 134 чарбачыл субьектилер газ менен камсыздоодон ажыратылган.  Жаратылыш газын берүү башталгандан бери 19-20-декабрда 84 ишкана, уюмдар газ менен камсыздалды. 50 чарбачыл субъект газ берүүгө кошула элек.

Ошондой эле борбор калаада жашаган  49 000 абонент газ берүүдөн ажыратылган. Кечээ жаратылыш газы  13 825 абонентке  кошулду. Бүгүн 23 814 абонентке газ берилди. Эки күндүн ичинде жалпысынан 37 639 абонент газ менен камсыздалды жана калган 11 361 абонентке газ бериле элек.

Чүй облусунда 58 ишкана газ берүүдөн өчүрүлгөн. Эки күндүн ичинде 56 ишканага газ кошулду, калган ишканаларга эртең кошулат.

Мындан тышкары облус боюнча 9 160 жарандардын үйлөрү газдан өчүрүлгөн. Алардын ичинен кечээ 1 853 абонентке газ берилди. Бүгүн  аталган региондун 6 307 үйүнө газ кошулуп,  калган 1 000 абонент жакынкы учурда газ менен камсыз болушат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү