21

Май

2018

Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу боюнча кеңешме өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча көчмө кеңешме өттү.  «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык толук жүрүп жатат. Учурда жолдордун курулушу, Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө. Аны менен катар  суу менен камсыздоо, жогорку ылдамдыктагы Интернет жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери чечилүүдө. Бардык иштер мөөнөтүндө аткарылышы керек», - деди ал. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө Кубатбек Боронов Чолпон-Ата шаарында ипподромдун жана оюндарды өткөрүү мезгилинде пайдалануучу альтернативдик жолду даярдоо иштери, Григорьев капчыгайы аркылуу айланма жолдун курулушу менен таанышты. Андан соң биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кырчын жайлоосуна чыгып, кеңешме катышуучулары менен «Кырчын» этношаарчасын даярдоо жана анын толук кандуу ишине тийиштүү  инфраструктураны камсыздоо процессинин жүрүшүн талкуулады. Белгилесек, кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, тийиштүү аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Кеңешме жүрүшүндө материально-техникалык, электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, оюндардын катышуучуларынын жана меймандарынын коопсуздугуна тийиштүү маселелер көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 116958,116957,116956,116955" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"]