03

Февраль

2021

Ысык-Көлдө жарандык коргонуу иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кичи залында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиевдин төрагалыгы астында , жарандык коргонуу боюнча регионалдык комиссиянын селектордук жыйыны болуп, анда 2020-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга карата жаңы милдеттер белгиленди.

Облус башчынын биринчи орун басары У. Далиев профилактикалык иштерди күчөтүп токтоосуз аракеттерди көрүү боюнча тапшырма берди.

"Эпидемияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүккө жараша аткарылды. Быйыл биздин алдыбызда былтыр аткарылбай калган милдеттерди ишке ашыруу, ошондой эле жаңы чакырыктарды алдын алуу милдеттерии турат", - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын башчысы Замир Жумагазиевдин айтымында, өзгөчө кооптуу участокторду аныктоо иштери жүргүзүлүп аныкталган, көчкү коркунучу бар Түп районунун Шаты айылында тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Бул жерде беш үй-бүлө жашайт. Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана болтурбоо максатында жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмү жана токой чарба ишканасы менен биргеликте коопту аймакты коруп жана жашыл бактарды отургузуу иштери 2004-жылдан бери "жашыл долбоордун" алкагында жүргүзүлүдө",- деп билдирди ал.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2020-жылы 292 өрт кырсыгы катталып, анда бир адам каза болуп, өрттөн келтирилген жалпы чыгым 54 миллион 226 миң 965 сомду түзгөн , 13 техника, 796 тонна кесек тоют, 15 ар кандай имараттар жабыркаган.

«Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн күчү менен 37 адамды куткарып, 474 баш айыл чарба жаныбарлары жалпы суммасы 255 млн 879 миң сомду түзгөн   материалдык баалуулуктарды сактап калышты ", - деп билдирди аймактык башкармалыктан.