01
Февраль
Ысык-Көлдө жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев жол коопсуздугун камсыздоо боюнча селектордук жыйын өткөрдү.
У.Далиев Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилигине жол кырсыктарын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары, райондук администрацияларга жолдорду кар жана муздан өз убагында тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.
"Жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда турат, айдоочулардын жол эрежелерин сакташына көзөмөлдү күчөтүү керек. Жергиликтүү бийлик тарабынан ар бир мал ээлери менен түшундүрүү иштерин жүргүзүү керек ", - деп баса белгиледи ал.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башчысы Бакыт Жангабыловдун айтымында, атайын рейддер өткөрүлүп 900 жакын мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
"Жыл башынан бери облуста 6 рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп 873 мыйзам бузуу фактысы аныкталган анын ичинен мас абалда 64 айдоочу аныкталып, 71 автоунаа айып жайга токтотулган. Бирок биз муну менен эле чектелбей жол эрежелерин сактоо боюнча активисттер жана ММК менен биргеликте рейддерди өткөрөбүз », - деди ал.