03

Октябрь

2016

«Юнилаб» транспорттук-логистикалык борбордун иш баштоого бардык шарты болсо Өкмөт колдоо көрсөтүүгө даяр

«Юнилаб» транспорттук-логистикалык борбордун иш баштоого бардык шарты болуп, техникалык жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй талаптарга толук жооп берсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунда жайгашкан «Юнилаб» транспорттук-логистикалык борбордун курулушу менен таанышканда билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында «Юнилаб» транспорттук-логистикалык борборду каттоого Өкмөт уруксат бербей жатат- деген маалымат тараган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен барган Мухамметкалый Абулгазиев логистикалык борбордун имараты гана курулганы менен, ал жакта техникалык жабдуулар жана талапка жооп бере турган шарттар жок экендигине күбө болду. Маселени жеринен карап чыккан Биринчи вице-премьер-министр борбордун жетекчилигине конкреттүү бизнес-план иштеп чыгууну сунуштады. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү планы аныкталган соң бул ишкана жетекчилиги менен иштөөнү тапшырды.

«ЕАЭБ шартында жергиликтүү инвесторлордун мындай аракети жакшы. Премьер-министр да айыл чарба тармагын көтөрүп, кооперативдерди түзүп, майда ишканаларды ирилештирип, азык түлүктөрдү сандан сапатка өткөрүүнү жеке көзөмөлүнө алды. Колунда бардык документи, келечекте иштей турган конкреттүү планы болуп, талапка жооп берген долбоор менен келген ишкерлерге Өкмөт дайыма колдоо көрсөтөт»,- деди Биринчи вице-премьер-министр.

Андан соң Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Токмок шаарында жайгашкан кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрмө пунктунда жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Учурда өткөрмө пунктун ЕАЭБ талаптарына ылайык оңдоо иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, имарат оңдолуп, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болот. Курулуш иштеринен кабар алган Биринчи вице-премьер-министр ишти өз мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүүнү тапшырды. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган курулуш иштери эки айда толук бүтүп, ишке берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү