26

Апрель

2019

«ЮрАзия Кыргызстанда» ЖЧКсынын техникасы жана лицензиясынын аракети кайтарылды жана токтотулду

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күнү кенди иштетүү жүргүзүлгөн эмес жана бардык иштер токтотулду, техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген.

«Учурда Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен  ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», - деди ал.

Жумуш сапарынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бөкөнбаев айылынын жана Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кендеги учурдагы абал тууралуу маалымдады.

«Уран аянтын өздөштүрүү маселесин кыйла терең жана ар тараптуу изилдөө, ошондой эле экологиялык таасирине тыкыр мониторинг жүргүзүү максатында, 2019-жылдын 18-апрелинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен тиешелүү ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр активисттерге комиссиянын курамына кирип, анын ишине катышууну сунуштады.

[su_carousel source="media: 132364,132365,132366,132367" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү