30

Май

2020

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүтүрүүчүлөрдү "Акыркы коңгуроо" салтанаты менен куттуктады

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, окуучулар!  

Баарыңарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен  куттуктайм! 

Ар бириңердин ойлогон ой максаттарыңар, кыялыңар ишке ашуусуна, чын жүрөктөн тилектешмин.

Келечек муундун татыктуу билим алуусуна шарт түзүү,  мамлекетибиздин приоритеттүү багыттарынын бири.

Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Анткени билимдүү жаштар өлкөбүздүн келечеги.

Алдыдагы жылдарда коомдун негизги эмгекчи күчү, экономиканын  жаратуучусу,   мамлекеттин  саясатын  жүргүзүүчү мыкты инсандардан болушуңарга  терең ишенем. 

Кырдаалга жараша быйылкы окуу жылын бир бөлүгүн, онлайн режиминде окуп, акыркы коңгуроо аземин да  онлайн режиминде өткөрүп  жатабыз.

Туура, кыйынчылыктар болду. Бирок бул аракетти баарыңар түшүнүү менен кабыл алганыңарга ыраазычылык билдирем. Мунун баары элибиздин саламаттыгы үчүн көрүлгөн камкордук деп билели. 

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Силер билим уябыз болгон мектепти аяктап, жогорку билим алууга аттанып олтурасыңар.

Келечекте ар бириңер өзүңөр тандаган кесип боюнча билим алып, мыкты адистерден болооруңарга ишеничим зор. 

Өлкөбүздүн, аймагыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошосуңар деген зор үмүттөбүз.   

Силердин арңарда окуудагы эң мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган окуучуларыбыз көп экени  кубандырат. 

Алдыда, өлкөбүздүн жана дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына студент болуу баарыңарга насип этсин. 

Силерге бекем ден соолук, узун өмүр, жана кең келечек каалайм.

Келечекке таштаган кадамыңар байсалдуу болсун!