29

Май

2020

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады

Урматуу Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери!

Сиздерди, Куралдуу күчтөрүнүн күнү, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Учурдан пайдаланып, жоокерлерибиздин аскердик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеймин. 

Сиздердин күжүрмөн аракетиңиздер менен элибиз тынч жана бейпил  жашоодо күн кечирип келет.

Кыргыз армиясынын заманбап, күчтүү материалдык техникалык базасы, аскерлерибиздин татыктуу жашоосу үчүн түзүлгөн жетиштүү шарттар, армиябыздын кубаттуу экенинен кабар берет.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары армиябыз бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. 

Бирок убакыттын өтүшү менен, өнүгүүгө умтулган мамлекетибиз, куралдуу күчтөрүн мезгил талабына жараша чыңдай алды.

Азыр биз сырткы ар кандай коркунучтардан коргой алган ишенимдүү күчүбүз бар экенине ишенебиз.

Өнүгүү үчүн биринчи кезекте тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук керек. 

Дал мына ушул баалуулукту сактап турууда, эмгегиңиздер эбегейсиз. 

Майрамыңыздар кут болсун.

Ар бириңиздерге сак саламаттык, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм.

Жергебизден тынчтык, элибизден ынтымак кетпесин. 

Кыргызстаныбыздын келечеги кең, асманы ачык болсун.