24
Апрель
Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун ыйык орозо айынын башталышы менен куттуктоосу
Урматтуу облусубуздун калайык калкы!
Кадырман момун мусулмандар!
Баарыңыздарды ыйык орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул күндөрдү ар бир мусулман пендеси чын пейилден күтөбүз.
Орозо айы баарыбызды сабырдуулукка жана ынтымакка, боорукерликке жана тазаланууга үндөгөн, улуу касиетке ээ.
Ыйык орозо айында ар бир инсан күнүмдүк түйшүктөрдөн, көр оокаттан башты жыйып, Улуу Жаратканга тообо келтирип, жакшылык, аманчылык, ден –соолук тилээрибиз анык.
Орозо айында сиздердин асыл тилектер, улуу максаттар кабыл болушуна чын-жүрөктөн тилектешмин.
Ар бир үйдө дайыма аманчылык болуп, элибизде токчулук болсун, мамлекетибиз тынчтыкта, өнүгүп өссүн.
Бул улуу күндөрдө айтылган баталар кабыл болуп, кооптуу илдеттен арылып, жай турмушта, жакшылыкта жүз көрүшүү, баарыбызга насип этсин.
Туткан орозоңуздар кабыл болсун.
Ыйык орозо айыңыздар кут болсун.