25
Июль
Ыйгарым укуктуу өкүл облустагы дары дармектин запастарын көрүп чыкты
Өкмөттүн Баткен облусундагыы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустук оорукананын жана облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун кампасындагы дары дармектин запастарын көрдү.
Учурда коронавирус жана пневмания ооруларын дарылоодо керектелүүчү дары дармектердин жана коргонуучу каражаттардын бир айлык запасы бар дейт адистер.
Муктаждыкка жараша дагы сатып алуулар жүрүп жаткандыгы маалым болду.
Тагыраагы беткап 254,502 даана, бир жолу колдонуучу комбинизон 10,451даана, көп жолу колдонуучу комбинизон 2618даана, респиратор 13миң даана бар.
Дарыларды бөлүштүрүү бирдиктүү база аркылуу ишке ашууда.
Оорукана жетекчилиги дарыланып жаткан бейтаптарда дары дармек маселе болгон жок.Азыркы учурда тартыш болуп жаткан гепарин, клексан дарыларынын да чоң запасы болбосо да, зарыл болгон учурда таап, жетиштирип жатабыз. Эртен 100 упаковка клексан дарысы келет деп билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл шаардагы айрым дарыканалардагы абалды да көрүп чыкты. Гепарин дарысы учурда Неман дарыканаларында бар экендигине күбө болду.
Ошондой эле 118 түз байланыш, медициналык кеңеш берүү кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган кызматка күн сайын орточо 50,60 чалуу болуп жатканы маалым болду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы