19
Март
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси дайындалды
Ибраимов Таалайбек Бадалович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалды
Т.Ибраимов 1973-жылдын 23-мартында Ош областынын Баткен районунун Капчыгай айылында туулган.
1996-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин педагогика факультетин аяктаган.
1996-2001-жылдары Баткен районун Аксай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган.
2001- 2009-жылдары Баткен районун Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.
2012-2014 жылдары БУУ тынчтык жана өнүгүү программассында улуттук волонтер, ошол эле жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясы магистратураны бүтүргөн.
2014–жылдан тарта Баткен райондук мамлекеттик админстрациясы, акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келди.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн №01-14/06 сандуу буйругуна ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан баштап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси кызматына дайындалды.