12
Декабрь
Жыл башынан бери табийгат кырсыктары тез-тез катталган республиканын 1370 кичи аймактары изилденген. Аны менен катар эле, авариялык абалдагы биринчи кезекте кайра калыбына келтирүүгө муктаж болгон 623 объекттин тизмеси түзүлгөн.
114 объектте курулуш иштери жүрүп, аткарылган иштин көлөмү 258665,3 сом болгон.
2013-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда 208 өзгөчө кырдаал катталып, 12 адам каза болгон. Ал эми материалдык чыгымдын көлөмү 219 млн. 423 миң 700 сом болгон.
Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде издөө-сактоо кызматы тарабынан 238 адамдын өмүрү сакталып калган. Анын ичинен жол-унаа кырсыгынан – 110 адам, күтүүсүз кырдаалда - 96 киши, көлмөлөрдө - 30 адам. Алардын 136 эркек, 55 аял жана 14 жашка чейинки курактагы 47 өспүрүм.
Жалпысынан 1132 адамга жардам көрсөтүлгөн, доктурга чейинки жардам 252 адамга көрсөтүлсө, айласыз абалга туш болгон 121 адам, бекилип калган жайлардан 759 адамга жардам көрсөтүлгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү