13

Декабрь

2013

2013-жылдын 10 айынын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын бөлүмдөрү тарабынан келтирилген чыгымдардын көлөмү 1 млрд. 40 млн. 364 миң сомго барабар 920 мыйзам бузуу фактысы табылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын иш-аракетинин аркасында 567 млн. 795 миң сом, анын ичинде аймактык казына бөлүмдөрү аркылуу 367 млн. 798 миң сом мамлекеттин бюджетине кайтарылып берилген.

Ыкчам иликтөө кызматынын материалдары менен 592 кылмыш иши козголгон. 201 кылмыш иши иликтенип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Тергөө амалдарынын натыйжасында 116 млн. 673,8 миң сом мамлекетке кайтарылып алынган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү