02
Октябрь
Иш-аракеттер/милдеттенмелер планын тийиштүү аткарбаган Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине сөгүш жарыяланды
Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өткөн.
Аталган жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, мамлекеттик орган жетекчилеринин жана облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу мүчөлөрүнүн жана Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин Иш-аракеттер/милдеттенмелер планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралган.
Иш-аракеттер/милдеттенмелер планынын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери өз көзөмөлдөгөн багыттары боюнча беришти.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери тарабынан берилген маалыматтарга жана сунуштарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Иш-аракеттер/милдеттенмелер планын тийиштүү аткарбаган Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине сөгүш жарыялады.
Төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Т.А.Айдаралиевге;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.К. Шаиковага.;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору С.С. Атаджановго;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы С.А. Арбаевге;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.О. Жунусовго;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакыпка;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун статс-катчысы Н.Т. Калматовго эскертүү берилди.
Ошону менен катар төмөнкү жактарга сөгүш берилди:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Т.И. Нурбашевге;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Н.А. Дуйшеевге;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары А. Сатымбаевге сөгүш жарыяланган.
Белгиленгендей, Өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик орган жетекчилеринин, ошондой эле облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн Иш-аракет пландарынын аткарылышы боюнча кезектеги талдоо иши алардын 2014-жыл үчүн ишмердүүлүк жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү