13
Апрель
Мындай сунушту Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Српашев, бүгүн, 12-апрелде өткөн КР Өкмөтүнүн кеңейтилген жыйынында сунуштады.
Ал өз сөзүндө министрликтердин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик органдардын көйгөйлөрүн, аларды чечүүдөгү жетекчилердин ишин сынга алды жана алардын иштерин анализдөөнүн натыйжасында айрым министрликтердин жетекчилерин жана райондордун акимдерин жана башка мамлекеттик органдардын ээлеген кызматынан бошотууну сунушталды.
Алар: Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рыскулов;
Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Таласбай уулу Акматбек;
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З. Аскаров;
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С. Кулубаев;
Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. Изабаев;
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И. Максутов;.
Мындан тышкары ишинде кетирген кемчиликтери үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Молдалиеваны, “Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Ат-Башы райондук филиалынын жетекчиси Т.Султангазиевди, Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Ж.Сейтказиевди кызматынан бошотуу сунушталды.
Ушундай эле сунуш Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин орун басары Нурлан Баямандга, ушул министрликке караштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору Айдар Мокеновго да айтылды.
Муну менен катар айрым министрликтердин жана башка органдардын жетекчилеринен эскертүүлөр берилди жана төмөндөгү жетекчилерге сөгүш жарыяланды:
Экономика министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу
А. Курмановага, Экономика министринин орун басары С. Муканбетовго, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Муратбековго жана анын орун басары Ч. Абдраимакуновага.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2012-жылы белгиленген айыл өсүмдүктөрүн айдоо программасын жана 2013-жылдын түшүмү үчүн 2012 – жылы күздүк эгиндерди айдоо программаларын аткаруудагы иштери жетишсиз болгондугу белгиленди.
Эгерде 2013-жылга белгиленген айыл өсүмдүктөрүн айдоо программасын аткарбаса, Айыл чарба жана мелиорация министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык-Көл областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызмат орундары боюнча маселе карала тургандыгы эскертилди.
Айыл чарба жана мелиорация министринин тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай тармагын тейлеген орун басары А. Жумалиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталды.
Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигиндеги олуттуу жетишээрликсиз иштери үчүн министр К. Султановдун жоопкерчилигин кароону, автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Э.Таштаналиевдин ээлеген кызмат ордунан бошотууну, туннелдик, салмакты жана габаритти контролдоочу башкарманын башчысы С. Кожобергеновдун ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталды.
Финансы министрлигинин 2012-жылдагы ишин канааттандыраарлык эмес деп табылып, Финансы министри О. Лавровага эскертүү берүүнү;
орун басарлары М. Байгончоковго, А. Кожошевге сөгүш берүүнү вице-премьер-министр сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү