28

Февраль

2019

Замирбек Аскаров: Аймактарда адамдык капиталды өнүктүрүү – социалдык-экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулуктун кепилдиги

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасы: аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясынын алкагында «Аймактарды туруктуу жана инклюзивдик өнүктүрүү» тематикалык сессиясында модератор катары сөз сүйлөдү.

«Мамлекет башчынын «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биз аймактарда жашоо шартын жогорулатуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул, анын ичинде, инфраструктура маселелерине,  билим берүү, медицина, социалдык камсыздоо, миграция тармактарына тийиштүү. Белгилей кетсем, аймактарда адамдык капиталды өнүктүрүү – социалдык-экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулуктун кепилдиги болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын алкагында Өкмөт «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын кабыл алган. Бул конференция ошондой эле биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эң актуалдуу маселелерди кайрадан көтөрүүбүзгө жана кабыл алынган документтерди практикалык жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулообузга багытталган», - деди ал.

Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Андан соң бүтүндөй республикадан келген катышуучулар түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу максатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сын-пикирлерин айтышты. Сунуштар көбүнесе жерлерди трансформациялоо, мамлекеттик сатып алуулар, билим берүү мекемелеринде электр энергиясы үчүн баалар, ошондой эле медицина жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге тийиштүү болду.

Бардык сунуштар аларды иш жүзүндө чечүү жолдорун кабыл алуу үчүн катталып алынды.

[su_carousel source="media: 129783,129784,129785,129782" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү