16

Март

2019

Замирбек Аскаров: Кыргыз Республикасы менен кызматташтык – бул анын аймактары менен кызматташуу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Теңир Тоо» Эл аралык кызматташтык форумунун ишине катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча Жарлыгын ишке ашырууга арналган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты Нарын облусунун бир катар инвестициялык долбоорлорунун жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштардын бет ачарын уюштурушкан.

Форумга Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, инвесторлор, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Замирбек Аскаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактарда бизнести өнүктүрүүгө багытталган негизги чаралары тууралуу белгиледи: жаңы ачылган ишканалар салыктык текшерүүлөрдөн 3 жылга бошотулган, чарбалык субъекттерди текшерүүгө мораторий киргизилген, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, насыя бирикмелери, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өнөр жайы, машина-трактордук станциялар, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор киреше салыгынан бошотулган, Бизнес-омбудсмен институту түзүлгөн.

Вице-премьер-министр форумдун катышуучуларына кайрылып, аймактарды өнүктүрүүнүн башаты – дал ушул аймактардын өздөрүнүн демилгелери экендигин белгиледи.

«Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан мындай форумдун уюштурулушу – бул абдан жакшы башталыш жана башка аймактар үчүн үлгү болуп саналат», - деди ал.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө облустун негизги долбоорлоруна токтолду.

«Нарын облусунун географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашкан. Ошондуктан бул жерде ири соода-логистикалык борбор курулууда. Мында Кытай менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүгө болот. Ошондой эле мал чарбачылыгы боюнча алдынкы орунда турган аймакта эт комбинатын ачуу келечектүү долбоор болуп саналат. Өткөн жылы эле облуста 54 миң тонна экологиялык таза эт өндүрүлгөн. Бизнес үчүн ыңгайлуу дагы бир багыт – бул көмүр брикеттерин өндүрүү. Бул катуу отунду пайдалануунун жаңы түрү. Нарын облусу эң көп көмүр камына ээ. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын облусунда 1,1 млн тоннадан ашуун көмүр казылып алынган», - деп баса белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр сөзүнүн соңунда катышып жаткан элчилерге кайрылып, өз ара кызыкчылыктарды жана алардын өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен биргелешкен ишканаларды ачууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилер, финансы мекемелеринин, ошондой эле эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү өз мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташууга даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

[su_carousel source="media: 130347,130345,130346,130348,130349,130350,130351,130352,130353" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү