20
Декабрь
Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын ДСУга кирүүсүнө 20 жыл толгондугуна байланыштуу конференцияга катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсүнө 20 жыл толгондугуна байланыштуу конференцияга катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын 1996-1998-жылдары ДСУга кирүүсүнүн сүйлөшүү процессин жетектеген, мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиевдин элесине арналган бир мүнөттүк эскерүүдөн башталды.
Өз сөзүндө Замирбек Аскаров белгилегендей, аталган бирикмеге кирүү – республика үчүн маанилүү тарыхый кадам болуп саналат.
«Кыргызстан ДСУга советтик мамлекеттердин арасынан алгачкылардан болуп кирген, менин ишенимимде, бул республиканын экономикалык көзкарандысыздыгы үчүн түрткү болуп саналды. ДСУга кирүү менен биздин өлкө экономиканын жаңы өнүгүү моделин кабыл алды жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген укуктук базага ээ болду. Мисалга, эгерде 1998-жылы Кыргызстан дүйнөнүн 98 өлкөсү менен соода байланышына ээ болсо, бүгүнкү күндө биз 130 өлкө менен иш алып барабыз», - деди вице-премьер-министр.
Андан соң конференцияда ДСУнун башкы директору Роберт Азаведунун куттуктоо видео-кайрылуусу көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, 1998-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын ДСУ түзүү тууралуу Маракеш Макулдашуусуна кошулуусу жөнүндө Протокол ратификацияланган. Документ 1998-жылы 20-декабрда күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 127230,127231,127232,127233" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"]