23
Февраль
Замирбек Аскаров: Жетекчини иштен алуу жетишсиз, натыйжасыз иш үчүн жоопкерчилигин карап чыгуу зарыл
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун катышуусунда мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу маселеси боюнча кеңешме өттү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты.
Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи.
«Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүүсү маселеси өтөт курч турат. Эгерде 3-4 жылдын киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөн. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүчтөр менен чыккан. Төмөндөөгө талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, киреше түшпөй калганын себебин изилдөө жана тергөө зарыл», - деди вице-премьер-министр.
Андан соң жыйындын катышуучулары мамлекеттик ишканаларды чыгашага алып келген жетекчилердин «кара тизмесин» түзүүнү сунушташты.
«Өз активдеринде жүздөгөн миллиондору бар ишканалар, тажрыйбага карабастан, казынага жылына 1-2 миллион сом алып келе албай жатышат. Айрым пансионаттардын кирешелүүлүгү 0,1-3№ деңгээлинде, бул абдан төмөн көрсөткүч. Жетекчилер жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеп жаткандай туюлат. Бул пансионаттардын менеджментине жана инфраструктурасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү керек. Мындан ары эч ким мындай иштебеши керек», - деди ал.
Жыйындын соңунда Замирбек Аскаров ММБФ ар бир мамлекеттик ишканалар боюнча ревизия жүргүзүү жана мындан аркы чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүүнү тапшырды. Мындан тышкары вице-премьер-министр мамлекеттик ишканалардын финансы-чарбалык ишмердигин көзөмөлдөө боюнча ММБФ тарабынан иштин төмөн деңгээлин белгилөөнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 129692,129693,129694,129695" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү