12
Январь
Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Аталган документке ылайык 2013-жылдын 1-январынан баштап Чек ара кызматынын өздүк составынын айлыгы ээлеген кызматына, аскердик чинине жана кызмат өтөгөн жыл стажына байланыштуу 25 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулайт.
Ж.Сатыбалдиев токтомго кол коюп жатып -“Мамлекеттик чек араны ишеничтүүлүк менен кайтаруу чек арага жакын жайгашкан райондор үчүн, ошондой эле жалпы мамлектибиз үчүн туруктуулуктун , бакубаттулуктун белгиси болот. Өкмөт чек арачыларды алардын жеңил эмес кызмат өтөөсүн ар тараптуу колдоого алышы керек. Ушуга байланыштуу мен ушул жылдын 1-январынан баштап Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча токтомго кол кою тууралуу чечим кабыл алдым. Өкмөттүн мындай чечими биздин чек арачылардын ишине түрткү берип, эртеңки күнүнө ишеним жаратат деп ишенемин”, - деди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү