08
Апрель
2015
Токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акысы орточо түрдө 2 эсеге жогорулатылат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акы шарттары жөнүндө” токтомуна кол койду.
Документ аркылуу токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акы шарттарын жакшыртуу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматкерлердин ишенилип берилген тилкеси үчүн жоопкерчилигин күчөтүү, жаш адистерди тартуу үчүн алардын макамын жогорулатуу каралган.
Токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акы шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 “Социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акы шарттары жөнүндө” токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 “Токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парк кызматкерлеринин айлык акысын тартипке келтирүү жөнүндө” токтому аркылуу орнотулган.
Аталган токтомдорго ылайык, көрсөтүлгөн кызматкерлердин айлык акысы республика боюнча эң төмөнкү эсептелип, бардык кошумчаларды эсептегенде, орточо алганда 2500дөн 3000 сомго дейре жетет.
Учурда төмөнкү айлык акы жана кызматкерлердин социалдык жактан начар корголуусу себептүү кесипкөй кадрлардын кетүүсү күчөп, жаштардын ишке келүүсү татаалданууда, натыйжада, бул республикадагы экологиялык коопсуздук жана био ар-түрдүүлүк абалын камсыздоонун начарлашына алып келүүсү мүмкүн.
Буга байланыштуу Өкмөт тараптан айлык акыны жогорулатууга багытталган токтом кабыл алынган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, көрсөтүлгөн мекеме кызматкерлеринин айлык акысы бардык кошумчаларды эсепке алганда, орточо түрдө 2 эсеге жогорулатылат.
Мындан тышкары, токтом аркылуу кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар, алардын эмгек стажын орнотуу тартиби, иштеген жылдары үчүн айлык акысына пайыздык кошумчаларды эсептөө, окумуштуулук даражасы жана КР мыйзамдарына жараша бийик жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча акы төлөө, өзгөчө эмгек шарты үчүн кошумча төлөмдөр каралмакчы.
Ошондой эле аталган мекеме жетекчилерине жыл жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн каражаттарды өз эмгегин сапаттуу аткарган кызматкерлерге шык берүү максатында багыттоо укугу берилген. Мында дем берүүчү акы көлөмү аталган кызматкерлердин эки орто көлөмдөгү айлык акысынан ашпоосу тийиш.
Мындан тышкары, токтом аркылуу токой жана мергенчилик чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын техникалык жана кичи тейлөөчү кызматкерлерине кошумча акы каралат.
Ушул токтом 2015-жылдын 1-майында күчүнө кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү