18
Апрель
2018
Зарипа Калматова Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Калматова Зарипа Баратовна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү