18
Март
2015
КР транспорт жана коммуникация министрлигинин катышуусунда “Министр байланышта” акциясы жыйынтыкталды
Бүгүн, 17 мартта, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышты. Ведомство башчысы 2014-жылкы иш жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата министрлик тараптан кандай иштер пландаштырылгандыгы тууралуу айтып берди.
Акция саат 9.00дө К.Султановдун «Биринчи радиодогу» түз обого катышуусунан башталды, анда ал радио угуучулардын суроолоруна жооп берди. Ал эми ведомство жетекчисинин катышуусундагы акыркы иш-чара “ЭлТР” каналындагы “Күн маек” телеберүүсү саат 21.25ке белгиленген.
Журналисттер менен маектешүүнүн жүрүшүндө министр ведомствонун өткөн жылкы иш жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди. Анын айтымында, министрлик алдында коюлган көптөгөн иштер аткарылып, ал эми алардын айрымдарынын ишке ашырылышы бир нече жылдарга пландаштырылып, улантылууда.
Журналисттерди Кыргызстандын автожолдорунун республикалык жана инвестициялык салымдар эсебинен жүргүзүлчү реабилитациялоо жана куруу иштеринин жүргүзүлүшү кызыктырды. Калыкбек Султанов Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас-Суусамыр жол тилкелериндеги куруу иштеринин жүрүшү тууралуу кеңири жоопторду берди.
Бир катар суроолор Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Баткен облустарындагы ички жолдорду реконструкциялоого тийиштүү болду.
Акция графигине ылайык, Султанов басылма ЖМКларга маек куруп, анда 2014-жыл жыйынтыгы тууралуу айтып, Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатындагы анын КЭРге жасаган иш сапарына тийиштүү суроолорго жооп берди.
Ошондой эле министр республикадагы абоненттик байланышты өнүктүрүү жана уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууну чыңдоо жаатындагы ведомство тарабынан жасалып жаткан кадамдар тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, Калыкбек Султанов журналисттер менен Кыргызстан аймагындагы була-оптикалык байланышты киргизүү боюнча демилгенин ишке ашырылышы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Министр белгилегендей, ведомствонун үстүбүздөгү жылкы планына республикалык бюджеттен каржылануусу болжолдонгон долбоорлордун толук эмес тизмеси киргизилген. Бирок министр ишендирип кеткендей, ишке ашырылып бүтө эле долбоорлор келерки жылдын планына киргизилет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү