11

Март

2015

КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын катышуусундагы “Министр байланышта” акциясы жыйынтыкталды

Бүгүн, 10-мартта, КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышты. Акция графигине ылайык, билим берүү жана илим министри жарандык коомчулук жана ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда 2014-жыл үчүн министрликтин иши, ошондой эле 2015-жылга пландар жана милдеттер тууралуу тыкыр маалымат берди. Акция «Биринчи радионун» түз эфиринен башталып, анда Эльвира Сариева жалпы республика аймагынан түшкөн суроолорго жооп кайтарды. Программанын учурунда студияга радио угуучулардан 30 ашуун коңгуроо кагуулар болду. Суроолор мектепке чейинки, мектептик жана ЖОЖ билим берүүсүнө байланыштуу болду. Радио угуучулар билим берүү тутумун реформалоо, ЖРТ өткөрүлүшү жана билим берүү мекемелеринин курулушу маселелерине кызыгышты. Жеке кийлигишүүнү талап кылган айрым маселелерди министр өз көзөмөлүнө алды. «Биздин министрликтин иши мугалимдик корпусту колдоого алуу жана өнүктүрүү боюнча аракеттерди топтоого басым жасайт, бул окуучулардын билим деңгээлинин сапатын арттырууга мүмкүндүк берет. Билим берүү тутуму окутуучу курамдын сапатынан түздөн-түз көз-каранды. Биз акырындык менен бул тутумга мыкты бүтүрүүчүлөр, адискөйлөр келүүсүнө кызыкдарбыз», – деп белгиледи Сариева. Андан соң министр 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңири басма сөз жыйынын өткөрдү, анда 20 ашуун ЖМК өкүлдөрү катышты. Басма сөз жыйындын жүрүшүндө Эльвира Сариева алардан түшкөн 19 суроого жооп кайтарды. Басма сөз жыйынын аяктаган соң, министр “Кыргыз Туусу” гезитине маек берип, окурмандардын жана кабарчынын суроолоруна жооп берди. Мындан тышкары, акция учурунда Сариева арыз менен кайрылган жарандарды кабыл алды.   Жыйынтыгында Эльвира Сариева «ЭлТР» каналынын “Күнмаек» берүүсүнө катышып, түз ободон түшкөн көрөрмандардын суроолоруна жооп берди жана билим берүү тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү