27
Январь
2015
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусундагы «Министр байланышта» акциясы жыйынтыкталды
Кечээ, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жарыяланган “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында «Министр байланышта» акциясына катышты.
Акция графигине ылайык, жарандык коомчулук жана ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү, анда ал күч блогуна тийиштүү министрлик жана ведомстволордун 2014-жылы аткарган иштери жана 2015-жылга карата иш пландары тууралуу баяндап берди.
Акция «Биринчи радионун» түз обосундагы угармандар менен байланыштан башталды, анда республиканын аймагынан түшкөн бир катар суроолорго жооп берилди. Суроолор негизинен республиканын коргонуу мүмкүндүгүнө, мамлекеттик чекараларды дермаркациялоо жана делимитациялоо, ички иштер органдарын реформалоо, Жол-кайгуул жана башка кызматтар тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө сапаты, ошондой эле чекараларда орун алган акыркы чырдуу окуяларга байланыштуу берилди.
Тыкыр талдап чыгууну талап кылган айрым маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле вице-премьер-министр билдиргендей, ички иштер органдарынын сапатсыз ишине тийиштүү бардык кайрылуулар, тактап айтканда, Жол-кайгуул кызматы тараптан өз кызматтык милдетин тийиштүү аткарбаган жактарга карата түшкөн кайрылуулар анын жеке көзөмөлүнө алынат.
“ЖМК аркылуу кызматтык милдетти так аткарбагандыгы тууралуу ар-бир билдирүүнү мен жеке көзөмөлүмө аламын. Жарандык коомчулуктан активдүүлүктү күтөм жана мындай окуяларды кабарлап турууну өтүнөм», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Андан соң вице-премьер-министр 2014-жыл жыйынтыгы боюнча кеңейтилген түрдөгү басма сөз кызматын өткөрдү, анда 25 ашуун ЖМК өкүлдөрү катышты.
Жыйын жүрүшүндө Абдырахман Маматалиев журналисттердин 18 суроосуна жооп кайтарды.
Жыйын аяктаган соң, вице-премьер-министр «Ак-жол-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун, Молдовановкадагы түзөтүү колониясын, №11-шаардык милиция бөлүмүн , ошондой эле КР ИИМ караштуу жашы жете электерди адаптациялоо борборун кыдырып чыкты.
Акцияны жыйынтыктоодо Абдырахман Маматалиев «Ала-Тоо» маалыматтык талдоо студиясынын коногу катары катышып, мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кеңири баяндап берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү