23
Сентябрь
2012
Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин айылындагы Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасында жана Чүй айылындагы Чүй райондук ооруканасында болду.
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева эки ооруканада тең бир дагы жолу капиталдык ремонт болбогондугун айтты. Анын айтымына караганда, биринчи оорукананын капиталдык ремонтуна 4 млн. сом, экинчисине 5 млн. сом керектелет. Премьер-министр Каржы министрине бюджеттен кургак учукка каршы ооруканасынын ремонтуна 4 млн. сомду карап чыгууну тапшырды. Ал эми Чүй райондук оорукананын ремонтуна керектелүүчү каражатты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун карап чыгуусун тапшырды. Андан соң Ж.Сатыбалдиев Чүй айылындагы “Кыргыз-кытай кагаз фабрикасында” болду. Премьер-министрдин Чүй облусу боюнча өкүлү Айбек Азыранкуловдун маалыматы ылайык фабрика каражаттын жоктугунан жана жер участкасынын трансформацияланып кеткендигинен токтоп турат. Ошондой эле Ж.Сатыбалдиев Токмок шаарындагы өнөр жай зонасында айнек идиштерин чыгаруучу “Чүй гласс” ЖЧКсынын иши жана Токмок шаарын жылуулук менен камсыз кылуучу “Теплоснабжение” өндүрүш биримдигинин кышка даярдыгы менен таанышты. Премьер-министр иш сапырынын аягында «Каз Грейн» ЖЧК ун комбинатына барды. Аталган ишкананын жетекчиси Т.Исаевдин айтымы боюнча ушул жылдын октябрь айынын орто чендеринде ун комбинатынын ачылышы болот. Ал маалымдагандай, 6 жылдан бери токтоп турган ишкананын 60 пайызын Казакстандын инвесторлору сатып алып, анын имаратын толугу менен ремонттон өткөрүп, тиешелүү жабдыктарды сатып алышкан. Жасалган жумуштардын көлөмү 282 млн. сомдон ашса, 124 млн. сомго заманбап өндүрүш шаймандары сатылып алынган. Ун комбинатында ар түрдүү сорттогу ундар чыгарылат. Ишкана бир күндө 250 тонна буудайды унга айландыра алат.КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү