11
Сентябрь
Кыргыз-азербайжан экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын II жыйынынын иши соңуна чыкты
Бүгүн, 10-сентябрда, Бакуда Кыргыз-азербайжан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын II жыйыны болуп өттү. Т.Сарпашев Өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тарабынын төрагасы саналат, ал эми азербайжандык тарапты Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Ягуб Эюбов жетектейт.
Жыйын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы жана анын келечеги, ошондой эле гуманитардык, туризм, транспорт жана коммуникация тармагындагы өз-ара аракеттешүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүндүктөрү талкууланды.
Тараптар белгилегендей, учурдагы товар жүгүртүү көлөмү эки өлкөнүн колдогу болгон мүмкүндүктөрүнө дал келбейт. 2013-жыл жыйынтыгы боюнча, соода жүгүртүү көлөмү 14,5 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга ташуулар 12,7 млн долларды түзсө, ал эми Кыргызстандан Азербайжанга 1,8 млн АКШ доллар суммасындагы сатып алуулар орун алган.
Кыргыз жана азербайжан тарап эки өлкө аралык чарба жүргүзүүчү субьектилер жана ишкерлер ортосундагы экономикалык карым-катнашты кеңейтүү үчүн колдон келген аракетти жасоону макулдашты. Жыйында белгиленгендей, соода-экономикалык мамилелерди чыңдоонун маанилүү багыты катары иштиктүү чөйрөлөр ортосундагы түз байланышты өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана биргелешип кызматташуу жана продукция ташуу көлөмүн жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүккө ээ болгон агро өнөр-жай комплексиндеги байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Ошондой эле 2014-жылдын соңуна дейре биргелешкен бизнес-форумду өткөрүү тууралуу макулдашуу орун алды.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз-азербайжан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын II жыйынынын протоколуна кол коюлду.
Өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 2015-жылы Бишкек шаарында өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү