10
Февраль
2012
Бүгүн, 10-февралда, КР Өкмөтүнүн отурумунун жүрүшүндө күн тартибиндеги үчүнчү маселени кароо учурунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2009-жылдын 1-июлунан 2011-жылдын 31-декабрына чейин Эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо фондуна (ЭСЧ) 264,8 млн. сом чогулгандыгын маалымдады.
“Өлкөбүздө 2,3 млн. адам эмгектенет. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, алардын ичинен болгону 0,3 пайызы гана ЭСЧ эсебинен эс алганга мүмкүнчүлүгү болгон. Демек, ушул жылдары 99,7% эмгекчилер ушунча гана адамдын саламаттыгын чыңдоо үчүн каражат топтоп келишкен”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы профсоюздардын өздөрүнүн негизги функциясын – эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо ишин кандайча аткарып жаткандыгына да көңүл бурду.
“Профсоюздар эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоп, иш берүүчүлөр алардын укуктарын кысымга алуусуна жол бербеши керек. Биз болсо эмгекчилердин ар бири өз проблемаларын өздөрү эле чечип келаткандыгына күбөбүз. Профсоюздардын көзгө көрүнөөрлүк иши деле билинбейт”, - деди Ө.Бабанов жана бул чара ишкерлерден мойнунан кошумча жүктү алып сала тургандыгын кошумчалады.
Бул маселе боюнча негизги докладды КР Социалдык фондусунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев жасады.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору жактырылды.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселеге кайрылып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов былтыр Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн киреше 50%га көбөйгөндүгүн белгиледи.
«Быйыл Бажы кызматына 28,4 млрд.сом бажылык төлөм чогултуу планы бекитилген. Бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 20% көп. Кирешенин көбөйүшү коррупция менен болгон күрөштүн жыйынтыгы десек болот, анткени бул каражаттар көмүскө экономикадан ачыкка чыгарылып жатат”, - деди Ө.Бабанов.
Ошондой эле бажы кызматынын ишин ачык-айкын кылуунун жана коррупция менен күрөшүүнүн дагы бир элементи катары бажы постуларында видео байкоо системаларын орнотуу санала тургандыгы белгиленди. Буга кошумча каражат керектелбейт, анткени бул иш Бажы кызматынын каражатынын эсебинен аткарылат. Мындай чара өткөрүүчү пунктыларда жарандар менен товарлардын көп убакытка кармалышын азайтат.
Талкуунун жыйынтыгында бул токтомдун долбоору жактырылды.
Андан соң 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү токтомдун долбоору каралды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөт тарабынан 4119 ишкерге материалдык жардам көрсөтүлгөндүгүн айтты. Адегенде Өкмөттүн токтому менен 1742 ишкерге, андан кийин дагы 1488 ишкерге жардам берилген, эми ушул каралып жаткан токтом менен дагы 889 ишкерге материалдык көмөк көрсөтүлөт.
Бул маселе боюнча доклад жасаган министр Темир Сариев ушуну менен компенсация алууга арзы менен кайрылуулар токтошу керектигин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында токтом кабыл алынды.
Күн тартибинин 6-маселеси боюнча министр Т.Сариев доклад жасады.Анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын кыскартуу буга чейин деле болуп келгендиги белгиленди.
“Анткен менен аз убакыт өткөндөн кийин бул штаттык сан кайрадан эле калыбына келип калчу. Бул жолу маморгандардын штаттык саны Өкмөттүн токтому менен бекитилет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес болот”, - деди ал.
Талкуудан кийин бул токтомдун долбоору кабыл алынды.
Отурумду жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов «100 күндүк” программада каралган милдеттер 2012-жылдын 20-мартына чейин аткарылышы керектигин айтты.
Ошондой эле Өкмөт башчысы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ө.Бабанов Кыргызстан бир дагы кылмышкер болбогон коопсуз өлкөгө айланышы керектигин белгиледи.
Премьер-министр уюшкан кылмыштуулукту жоюу үчүн мыйзамдуу шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.
Өкмөт башчысы «100 күндүк” программаны ишке ашыруу алкагында Өкмөт жакынкы арада 2012-жылга карата чарбалык субъектилерди текшерүүгө мораторий жарыялоого ниеттенип жаткандыгын белгиледи. «2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкерлер салыктык төлөмдөрдүн көлөмүн 20 пайызга көбөйтсө, аларга текшерүү жиберилбейт. Ал эми субъект салыктык төлөмдөрдүн көлөмүн өзгөртпөсө, анын ишмердүүлүгү текшериле утрган болот”, - деди Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык-саясат бөлүмү