03

Февраль

2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Ташиевдин жогорку радиациялуу фондогу көмүрдүн өлкөгө алынып келишине КР Премьер-министринин катышы бар деп жарыя айткан сөзү чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Башкы прокуратура радиациялуу көмүрдүн алынып келүү фактысы боюнча адилеттүү иликтөө жүргүзүү менен күнөөлүүлөрдү аныктап, аларды ээлеген кызматтарына карабай  жоопкерчиликке тартышы керек деп эсептейбиз. Радиактивдүү көмүрдүн келишине Премьер-министрдин тиешеси бар деп буга чейин депутат К.Ташиев бир нече жолу билдирүү жасагандыгын эске алуу менен Башкы прокуратура К.Ташиевден Ө.Бабановдун аталган көмүрдү алып келүүгө катыштыгы бар экендигин тастыктаган далилдерин көрсөтүүнү талап кылышы керек. Эгерде жалпы элге жарыяланган айыптоолор тиешелүү документтер менен тастыкталбаса, К.Ташиев жарыя айткан сөздөрүн кайра алышы керек. Бөлүм иликтөө объективдүү жана ачык-айкын жүргүзүлүп, бардык күнөөлүүлөр аныкталып,  мыйзамга ылайык катуу жаза тартышат деп ишеним артат.