09
Октябрь
Кийинки күндөрү Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундарынын каршылык акцияларынан пайдаланып, айрым саясий күчтөр тарабынан Ысык-Көл областында коомдук-саясий кырдаалды курчутууга аракеттер жасалды.
Митингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде азыркы учурда талкууланып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Centerra Gold Inc.” компаниясынын ортосунда кабыл алынган Меморандумду тез арада кайра карап чыгуу, ошондой эле “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниясынан 3 млн. АКШ долларын опузалап талап кылган окуяга катышы бар деп айыпталып жатышкан эки жаранды бошотуу талаптарын айтып чыгышкан.
2013-жылдын 7-октябрында күнү бою митингдин катышуучуларынын чакан тобу укук коргоо органдарын күч колдонууга мажбурлоо үчүн активдүү аракеттерди жасашкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган, агрессивдүү жаштар таш бараңга алууга даярдыгын көрсөтүшүп, барымтага алынган адам отурган автомашинага бензин чачып, бензин куюлган канистрди өрттөйбүз деп коркутушкан. Тартипсиздикти баштоочулардын ээнбаштык аракеттери Каракол шаарынын тургундарынын тынчын алып, натыйжада соода түйүндөрүнүн, калкты тейлөөчү башка объектилердин жана коомдук транспорттун иштөөсүнө тоскоолдук жаралган.
Бүгүн, 8-октябрда митингке чыккандар Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун тосуп, кечээги тартипсиздиктердин убагында кармалгандарды бошотууну талап кылышты. Бир нече жолку аракеттерден кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен митингке чыккандардын ортосунда сүйлөшүүлөр башталды.
Саруу айылынын тургундарынын талаптары жалпыга кеңири белгилүү. Буга чейин ал талаптарды аткаруунун жолдорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министрдин, өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көптөгөн жолугушуулар өткөрүлгөн.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кумтөр долбоорунан түшкөн Кыргызстандын кирешесинин көлөмүн 70 пайызга чейин жогорулатууну караган жогоруда аталган Меморандум боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштарын талкуулап жатышат. Өлкөнүн парламентиндеги бул кызуу талкуулардын жүрүшүндө Саруу айылынын жашоочуларынын талаптары да айтылууда. Бул маселе боюнча соңку чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки күндөн бери өтүп жаткан саясий акциялардын чыныгы себептеринин Кыргызстан элинин кызыкчылыктарын коргоо маселеси менен эч кандай байланышы жок деп эсептейт. Бул мыйзамсыз аракеттердин артында жалпы элдик шайлоонун жүрүшүндө жеңип чыгууга жөндөмү жок, бирок, кандай жол менен болсо да, бийликке жетүүнү эңсеген айрым саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары турат. Алар бийлик үчүн коомдук-саясий кырдаалды курчутууга, жапырт башаламандыктарды уюштурууга, элге жана Кыргызстандын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө да даяр.
7-апрелдеги Каракол шаарында митингке чыккандардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана облус борборунда жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Атайын иш-чаралардын натыйжасында тартип калыбына келтирилди, барымтага алынган адам бошотулду, ал эми тартипсиздиктердин анабашылары жана ашынган агрессивдүү маанайдагы айрым жарандар кармалышты.
Тилекке каршы, ушул эле күндөрү карапайым калктын кызыкчылыктарына жамынган ушундай эле саясий акцияларды уюштуруу аракеттери өлкөнүн башка аймактарында да байкалууда. Бирок көпчүлүк калк аларды колдогон жок. Кыргыз өкмөтүнүн дарегине мыйзам бузгандарга жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө кедерги болуп, Кыргызстандыктардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандарга карата катуу чараларды көрүү талабы менен өлкө жарандарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.
Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жаштардын жана алардын ата-энелеринин арасында коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна шек келтирген саясий акцияларга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестицияларды тартуу жана жаңы иш орундарды түзүү боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүүдө. Бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин, укук коргоо жана күч органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүлдү, пенсиялар жана башка социалдык жөлөк пулдар индексацияланды. Кыргыз Өкмөтү экономиканы илгерилетүүгө жана карапайым калктын турмушун жакшыртууга багытталган комплекстүү иш-чараларды мындан ары да турмушка ашыра бермекчи.
Өлкөбүздүн, улуттун кызыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күнүмдүк ишинде, анын ичинде Кумтөр долбоору боюнча иште да, ар дайым биринчи орунда турат. Ар бир жарандын Кыргызстандын коомдук турмушуна байланыштуу кандай маселе боюнча болбосун өз пикирин билдирүүгө болгон укугун сыйлоо менен катар, мекендештерибизди жана бардык саясий күчтөрдү укуктук талаада аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын ыйык сактоого, башка кыргызстандыктардын укуктарын сыйлоого чакырабыз.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болот. Бийликке келүүнү каалагандардын баарын, анын ичинде оппозициялык маанайдагы саясатчыларды да жана алардын тарапкерлерин алдыда боло турган шайлоого даярданууга чакырабыз. 2010-жылдагы апрель элдик революциясынын жеңиши ачык жана демократиялуу шайлоо өткөрүүгө шарт түздү. Бийликке карай жол шайлоо аркылуу гана болушу керек. Үй-бүлөлүк-кландык режимдерди эки жолу кулаткан Кыргызстандын элинин саясый эрки ушундай.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саясий акциялардын кээ бир уюштуруучулары тандап алган ультиматум тилин кабыл албайт жана коомдук-саясый абалдын бузулушуна жол бербөө максатында, өлкөдө тынчтыкты жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн билдирет.