18

Декабрь

2018

Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

[su_carousel source="media: 127084,127083" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү