29

Август

2017

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады.

«Өзбекстанда сизди боордош эки өлкөнүн ортосундагы достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө жана ар тараптуу өнүктүрүүнүн активдүү колдоочусу катары жакшы билишет. Мен сиздин ишмердүүлүгүңүз мындан ары жогорку мамлекеттик кызматтарда биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, бири-биринин кызыкчылыктарын өз ара сый-урмат мамиленин негизинде кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенем», - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү