24
Апрель
2018
Өзбекстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
«Биз биргелешкен аракеттер менен эки тараптык кызматташууда орун алган бардык маселелерде жетишилген жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалогду улантып, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейбиз деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле Абдулла Арипов чың ден соолук, үй бүлөлүк бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү