22

Апрель

2016

Өзбекстандын Премьер-министри Шавкат Мирзиёев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Шавкат Мирзиёевден Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалусуна байланыштуу куттуктоо келип түштү.

“Сиздин ишмердүүлүгүңүз Кыргызстан жана Өзбекстан элдеринин достук мамилесине багытталган ак ниет коңшулаштыкка жана өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу принциптерине негизделген өзбек-кыргыз мамилесинин келечектеги өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүнө ишеним билдирем”, - деп белгиленет Өзбекстан Өкмөтүнүн башчысынын куттуктоосунда.

Өзбекстан Премьер-министри Шавкат Мирзиёев Кыргызстан Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү