28

Февраль

2019

Жүк жөнөтүүчүлөргө экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө 50 пайыздык жеңилдиктер берилди

Жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдиктер берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдиктерди берүү сунушталган.

Ошону менен бирге “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы:

-  экспорттоого арналган картошканы жөнөтүү планынын көлөмүн жүк жөнөтүүчүлөрдүн табыштамаларынын негизинде түзүүгө;

-  Кыргыз Республикасында жүктөө үчүн вагондорду өз убагында камсыздоо үчүн экспортко жиберилип жаткан картошканы вагондордон кечиктирбей түшүрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Муну менен катар жүк алуучуларга жана жүк жөнөтүүчүлөргө жүк салуу максатында вагондорду өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн вагондордон экспорттолуучу картошканы кечиктирбей түшүрүү сунушталды.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү