04

Октябрь

2012

Кыргыз Республикасын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Казахстан Айыл чарба министрлиги тарабынан атамекендик сүт жана сүт азыктарын Казакстанга ташууга коюлган чектөөсүн жөнгө салууну тапшырды. КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин Башкы директору Жаныбек Султанов менен Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Самат Алиев Астана шаарына учуп кетишти. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрь күнү, Казахстан Республикасы тарабынан биздин атамекендик 10дон ашык сүт азыктарын иштетүүчү мекемелердин азыктарын Казакстанга ташып кирүүсүнө чектөө коюлган. Буга биздин ветеринардык кызматтар өлкөнүн аймагында ящур ылаңынын жок экендигин тастыктаган эпизоотикалык кырдаал тууралуу толук маалыматтарды бербегендиги шылтоо болгон.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү