15

Декабрь

2012

 Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусу боюнча иш сапарынын алкагында билдирди.

Кадамжай сурьма комбинатына бараарынын алдында Өкмөт башчысы Баткен облусундагы Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги жерлерди өздөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Бүргөндү массиви менен таанышуу учурунда – “Аталган массивди өздөштүрүүнүн булактары такталды. Келерки жылдан баштап иштер кызуу жүрө баштайт”- , деп билдирди Премьер-министр.

Андан соң Премьер-министр Кадамжай сурьма комбинатынын өндүрүш цехтеринде болду.

Комбинаттын башкы директору Манатбек Бахтыбеков быйыл чыгарган продукциянын көлөмү 920 тоннаны түзгөнүн белгиледи. Анын айтуусу боюнча эң башкы проблема болуп чийки заттын жоктугу эсептелет. Учурда Тажикстандан алынып келген чийки заттын акыркы партиясы иштетелүүдө жана Чаткал районунда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. “Биздин продукция сапат эталону болуп эсептелинет жана Лондон темир биржасында сатылат. Ишкананын ээси  Казак Республикасында каттодон өткөн бир инвестициялык компания. Учурда заводдо 550 адам эмгектенет”- , деди өнөр жайчы.

 Ж.Сатыбалдиев  Кадамжай сурьма комбинатында өндүрүштү мындан ары көбөйтүүгө Өкмөт  кызыкдар экендигин белгиледи.

Андан соң Премьер-министр Кызыл-Кыя цемент заводунун иши менен таанышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү