09
Февраль
Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын ишине катышты. Коллегияда борбор калаанын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2013-жылга болгон пландары талкууланды.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Бишкек шаарынын биринчи-вице-мэри М.Исмаиловдун жана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчыларынын докладдарын угуп чыгып муниципалдык бийликти сынга алды.
“2012-жылдын жыйынтыгына ылайык Бишкекте өсүү темпи 106 пайызды түзгөн, ошол эле убакта салык жыйноонун планы болгону 86 пайызды түзүп аткарылган эмес. Былтыркы жылы Кыргызстанда ички дүң продукт 7% болжолдонгон, бирок жыл жыйынтыгы боюнча өсүш терс болгон. Ошого карабастан өлкө боюнча жалпысынан салык жыйноо аткарылган. Борбор калаада салыкты жашыруу бардык жерде бар. Тилекке каршы акыркы үч жыл катары менен салык жыйноонун планы Бишкекте аткарылбай келе жатат”,- деп билдирди Ж. Сатыбалдиев.
Өкмөт башчысы эгерде биринчи кварталдын жыйынтыгы менен салык жыйноо аткарылбаса муниципалитеттин жетекчиликтерине карата эң катуу чаралар колдонулат деп белгиледи. “Ар бирибиз өзүбүздүн участокко жооп беришибиз керек. Болжолдоо иштери жүрүп жатканда өз орундарыңыздарда калуу үчүн баарына макул болосуздар да, жыйынтыктап келгенде кошуп жазуу менен статистика кылып, эптеп абалдан чыгуунун аракетин кыласыздар. Мындан ары мындай практикага жол берилбейт”,- деди Премьер-министр.
Мындан тышкары Ж, Сатыбалдиев шаар жетекчилигин демилгесиз иштери үчүн сынга алды. “Шаарда көптөгөн оюн-зоок борборлору, кафе – ресторандар, заңгыраган үйлөр бар. Алардын бардыгы болор-болбос салык төлөшөт. Ошондуктан мэрия алар үчүн жер салыгын, жер ижарасынын тарифин жогорулатуу боюнча сунуш киргизиши керек. Сиздерде казынага каражат түшүрүүнүн зор потенциалы болсо да бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбайсыздар. Бишкектеги ишкерликтин жарымынан көбү көмүскөдө. Бул багытта чечкиндүү кадамдарга жасасак жыйынтыгы бизди күттүрбөйт”- деди КР Премер-министри.
Өкмөт башчысы ошондой эле шаар бийлиги кышка даярдыгы жок экендигин көрсөттү деп белгиледи. “Кышка даярдануу боюнча штабдын жыйындарында мэрия зарыл болгон жумуштардын толугу менен бүткөрүлдү деп отчёт бергенине карабастан абал тескерисинче болду. Шаарды тазалоо жана таштандыларды чыгаруу боюнча иштер начар. Бул маселе боюнча шаардыктардан дайыма арыздар түшөт. Кыш мезгилинде өз убагында көчөлөр менен тротуарларды тазалоо жүргүзүлбөгөнү шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратат”.- деди Ж.Сатыбалдиев.
Өкмөт башчысы өнүккөн өлкөлөрдө таштанды көйгөйү жок тескерисинче бул иш кирешелүү тармак. Ошондуктан шаар бийлиги таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвестиция тартуу зарыл деп белгиледи.
Премьер-министр мэри жетекчилигине жылыткыч казандарды (котельный) өз баланстарына алып, көмүр менен жашууга өткөрүүгө тапшырма берди.
Коллегиянын жүрүшүндө Өкмөт башчысы шаар курулушунун нормалары сакталбагандыгы боюнча көп нааразычылыктар болуп жатканына токтолду. “Шаар азыр эле жер фондусунун тартыштыгына дуушар болду, ошондуктан мэрия сарамжалдуу мамиле кылуусу абзел. Жер борбордун негизги байлыгы”,- деди Ж.Сатыбалдиев.
Бул жылга Өкмөт башчысы Бишкек мэриясына “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-ж. туруктуу өнүгүү Стратегиясынын” алкагында аткарылуучу айрым милдеттерди койду:
- болжолдоого ылайык салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону толугу менен камсыздоо;
- экономиканын бардык тармактарында өндүрүштүн көлөмдөрүн аткаруу;
- инвестициялык климатты жакшыртуу;
- муниципалдык деңгээлде тамак-аш, кайра иштетүү, кийим тигүү тармактарын өнүктүрүү жана колдоо боюнча активдүү иш-чараларды кабыл алуу;
- жаңы ишканаларды ачуу жана жаңы иш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү;
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү