03
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо маселесине байланыштуу күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Премьер-министрге Вице-премьер-министр Токон Мамытов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев Ош, Ош облусундагы жана жалпы эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу жана коомдук тартипти дестабилизациялоого каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Премьер-министр кырдаалды курчутууга аракет кылып жаткан күчтөргө бөгөт коюп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш экендигин баса көрсөттү.
Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын Ош шаарында административдик имаратты алууга аракет кылуусу мыйзамсыз жана соода борборлорунун, коомдук транспорттун жана башка элге кызмат көрсөтүүчү объектилердин иш тартибин бузуп, шаар тургундарын бушайманга салууда.
“2017-жылга карата Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясынын алкагында коррупцияга каршы иш жүргүзүлө баштады. Ошто болуп жаткан окуялар аны менен күрөшүүнүн татаал жана оор экендигин далилдеп отурат”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу байланышканында, анын Ахматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингдеги билдирүүлөрүн айыптагандыгын жана өз ыйгарым укуктарынан чыкпай, тагылган милдеттерин мыйзамга ылайык так аткарууга чакыргандыгын айтты.
Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министрине өз өзүнчө аймактарда жана жалпы эле өлкөдө административдик имараттарды тартып алууга аракет кылган күчтөргө, коомдук-саясий кырдаалды курчутууга жасалган аракеттерге катуу чара көрүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү