21
Ноябрь
2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербургда, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведьев эмгек мигранттары маселесин талкуулашты. Бул маселе жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана Орусиядагы Кыргызстандык жарандардын абалын жакшыртуу багытынан келип чыкты.
Өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө эки мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда Москвада өтө турган сүйлөшүүнү жакынкы учурда уюштурууга жетишилди. Сүйлөшүү топторуна жетекчиликти эки тараптын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары ишке ашыраары сунушталды. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары таанышышат.
Белгилей кетсек, Өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргызстан тараптан тең төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, ал эми Орусия тараптан - Орусия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов.
Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2013-жылдын декабрь айында Бишкекте өтөт.
Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев жана Дмитрий Медведьев Кыргызстандын Бажы союзуна кириши туурасында да сөз кылышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү