28

Март

2013

Бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө СатыбалдиевЕвразиялык экономикалык комиссиянынинтеграция жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваяны кабыл алды. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кирүү боюнча маселелерди жана бул багыттагы мындан аркы аракеттерди талкуулашты. 

“Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүүдөгү  интеграция процесси - Россиянын, Казакстандын жана Белоруссиянын  экономикасына биздин экономиканын “чөгүп” кетпеши үчүн ар түрдүү артыкчылыктарды (преференция) алуу менен улуттук кызыкчылыктарды сактоо шартында жүргүзүлүшү керек. Бул жерде экономикалык пайданы гана карабастан,  КМШнын мындан аркы интеграциялоо багытындагы  саясаты болушу абзел. Кыргызстандын Бажы Биримдигине кириши үчүн Жол картасын иштеп чыгууда продукция алып кирүүдөгү пайдалуу өздөрүнүн бажы төлөмдөрүн  сактоочу товарлардын тизмесин сүйлөшүү өтө маанилүү”,- деди  Ж. Сатыбалдиев. 

Премьер-министр Кыргызстан Бажы Биримдигине кирүүдөгү бардык маселелерди тескөөдө Биримдик колдоо көрсөтөөрүнө жана түшүнөөрүнө ишеничин билдирди. 

Т.Валовая Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү боюнча жумушчу топтун 5-отурумунун  жыйынтыгы тууралуу  маалымдады. “Жумушчу топтун отуруму биринчи жолу Кыргызстанда өттү. Биргелешкен аракетибиз менен Бажы Биримдигине кирүүнүн Жол картасын иштеп чыгабыз. Жол картасын ушул жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүү  каралууда. Алдыда уюштуруу-техникалык жана укук-колдонуу багыттары боюнча чоң көлөмдөгү иштерди аткаруу  турат”, -деди ал.

Ошондой эле Т.Валовая Кыргызстан Бажы Биримдигинин товардык номенклатурасына өтүү процессин баштоо зарылчылыгына токтолду. 

Сүйлөшүү учурунда Т.Валовая  Бажы Биримдигине өтүүдө республикага зарыл болгон техникалык жардам берилерине Премьер-министрди  ишендирди. Анын айтуусу боюнча мындан тышкары профессионалдуу кадрларды даярдоого да жардам берилмекчи.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү