27

Март

2013

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салым статьясы боюнча курулуш объектилерин жана курулуштарды каржылоону ачуу жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү. 

Жантөрө Сатыбалдиев 1-сентябрга карата өлкө боюнча 63 жаңы жалпы билим берүүчү мектеп ишке киргизилерин белгиледи. 

“Мектептердин өз убагында ишке киргизилишине жана курулуштун сапатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев жеке жооп берет. Быйылкы жылы биз курулуш сезонун былтыркы жылдагыдай болуп созбостон кечиктирбестен баштап пландаштырылган социалдык объекттердин курулушун бүткөрүүгө үлгүрүшүбүз керек” -  деди Ж. Сатыбалдиев. 

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү